1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 день назад

18

"Заманынан озгон улуулар: Ишеналы Арабаев жана Жусуп Абдрахманов"

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Педагогикалык колледжинде кыргыз элинин көрүнүктүү инсандары, улуттук билим берүүнүн жана мамлекеттүүлүктүн өнүгүшүнө зор салым кошкон улуу инсандар Ишеналы Арабаев менен Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолуна жана ишмердүүлүгүнө арналган «Заманынан озгон улуулар: Ишеналы Арабаев жана Жусуп Абдрахманов» аттуу сахналаштырылган кече өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — студенттерге кыргыз элинин тарыхында өчпөс из калтырган улуу инсандардын өмүрү, эмгеги жана коомдук ишмердүүлүгүн даңазалоо, алардын мекенчилдик, билимге умтулуу, эл үчүн кызмат кылуу сыяктуу асыл сапаттарын жаш муундарга үлгү катары көрсөтүү.

Кеченин жүрүшүндө студенттер тарабынан тарыхый инсандардын өмүр жолун чагылдырган сахналык көрүнүштөр тартууланып, алардын эл үчүн жасаган эмгектери көркөм баяндалды. Сахналаштырылган көрүнүштөр аркылуу көрүүчүлөр ошол доордун тарыхый кырдаалына саякат жасап, улуу инсандардын максат-мүдөөсү, элине болгон берилгендиги менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Мындай тарбиялык мааниси терең иш-чаралар студенттердин тарыхый аң-сезимин калыптандырууга, улуттук баалуулуктарды урматтоого, мекенчилдик сезимин жана инсандык жоопкерчилигин өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Иш-чараны уюштургандар: Маккамбай кызы Р., Маткасымова А., Абдыкалыкова Ы., Ажикулова А., Капалбаева Т.

Тарыхын тааныган, улуу инсандарын урматтаган муун — келечегине ишенимдүү кадам таштаган муун!