1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

4

МЧББ ПЦКсында «Заманбап окутуу технологиялары жана педагогикалык чеберчилик» темасында ачык саат өткөрүлдү

Ачык саатты окутуучу Алмасбек кызы Жумагул МЧББкб-1-25 тайпасынын студенттери үчүн уюштурду.

Сабактын жүрүшүндө заманбап окутуу технологияларынын мааниси, аларды билим берүү процессинде натыйжалуу колдонуу жолдору жана педагогикалык чеберчиликти өнүктүрүү маселелери каралды. Студенттер интерактивдүү тапшырмаларга, талкууларга жана практикалык иш-аракеттерге активдүү катышып, өз билимдерин жана чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүштү.

Ачык саат студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө, чыгармачылык менен иштөөгө жана келечектеги педагогикалык ишмердүүлүгүнө даярдыгын арттырууга багытталды.