1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

3

Илим айынын алкагында ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК СЕМИНАР өткөрүлдү.

МЧББ ПЦКсы тарабынан «Мектепке чейинки билим берүү системасында окутуунун инновациялык технологияларын колдонуу» аттуу илимий-практикалык семинар өткөрүлдү.

Иш-чарага Манас шаарындагы ЖАМУнун мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору В.С. Калыбекова, колледждин бүтүрүүчүлөрү Токтосунова Айсезим жана Өмүрзакова Аксана, Педагогикалык колледждин директору К.П. Салибаева, МЧББ ПЦКсынын окутуучулары Алмасбек кызы Жумагүл, Галдыбаева В., Абакирова М.М. жана студенттер катышты.

Семинардын негизги максаты — мектепке чейинки билим берүү процессинде заманбап педагогикалык технологияларды натыйжалуу пайдалануунун жолдорун талкуулоо, келечектеги тарбиячылардын кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүү жана инновациялык окутуу усулдарын практикада колдонуу боюнча тажрыйба алмашуу болду.

Семинардын жүрүшүндө мектепке чейинки билим берүүдө колдонулуп жаткан заманбап технологиялар, алардын балдардын интеллектуалдык, чыгармачылык жана таанып-билүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүдөгү ролу тууралуу кеңири маалыматтар берилди.

Өзгөчө STEAM билим берүү технологиясы, долбоордук окутуу, оюн технологиялары, изилдөөчүлүк иш-аракеттер, интерактивдүү усулдар жана санариптик билим берүү каражаттарын колдонуу маселелерине көңүл бурулду.

Ошондой эле инновациялык технологияларды туура жана максаттуу колдонуу балдардын өз алдынча ой жүгүртүүсүн, изденүүчүлүгүн, чыгармачылыгын жана көйгөйлөрдү чечүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүдө маанилүү экендиги белгиленди.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар мектепке чейинки билим берүүдө заманбап технологияларды колдонуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун жана атаандаштыкка жөндөмдүү, чыгармачыл педагогдорду даярдоонун маанилүү багыттарынын бири экендигин белгилешти.

Семинар өз ара тажрыйба алмашууга, кесиптик билимди өркүндөтүүгө жана келечектеги педагогдордун илимий-чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.