1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

5

19-ноябрь күнү педагогикалык практиканын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү.

Конференцияга БКМк-2-24, БКМ-3-24, БКМкэ-4-24 тайпаларынын студенттери жана педагогикалык практиканын жетекчилери катышты.

Конференциянын жүрүшүндө студенттер педагогикалык практика учурунда алган тажрыйбалары, өткөргөн сабактары, тарбиялык иш-чаралары, жетишкендиктери жана кездешкен кыйынчылыктары тууралуу айтып беришти. Практика жетекчилери студенттердин ишмердүүлүгүнө жыйынтык чыгарып, жетишкендиктерин белгилешти жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүн өркүндөтүү боюнча сунуштарын беришти.

Жыйынтыктоочу конференция студенттердин педагогикалык тажрыйбасын талдоого, бири-бири менен ой бөлүшүүгө жана келечектеги мугалим катары кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган маанилүү иш-чара болду.