1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

4

МЧББ адистигинин педагогикалык практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы өттү

2026-жылдын 20-ноябрында Педагогикалык колледжде «Мектепке чейинки билим берүү» адистигинин 3-курс студенттеринин педагогикалык практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы өткөрүлдү.

Конференцияда практика жетекчилери Алмасбек кызы Ж., М. М. Абакирова, В. А. Галдыбаева жана Х. А. Насыркулова студенттердин бала бакчаларда аткарган иштери, өткөргөн ачык сабактары жана тарбиялык иш-чаралары боюнча отчет беришти.

ЖАМУнун Өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн башчысы Н. С. Жолдошалиева студенттердин кесиптик даярдыгына жогору баа берип, жетишкендиктерин белгиледи.

ПК  өндүрүштүк практика жана карьера башчы Э.Э. Кудукбаева катышты.

Конференциянын жүрүшүндө студенттер практика учурунда топтогон тажрыйбалары менен бөлүшүп, жетишкендиктерин көрсөтүштү.

Иш-чара студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн бекемдөөгө жана келечектеги педагогикалык ишмердүүлүгүнө багыт алууга чоң өбөлгө түздү.