1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

7

Педагогикалык колледжинин БКМк-02-25 тайпасынын студенттерине Айдарова Нуржамал Акжоловна тарабынан «Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги» деген темада тарбиялык саат өткөрүлдү.

Тарбиялык сааттын негизги максаты — студенттерге Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин (КМШ) түзүлүү тарыхы, максаты жана мааниси жөнүндө маалымат берүү, мамлекеттер аралык достукту, ынтымакты, кызматташтыкты жана биримдикти даңазалоо.  Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге КМШнын түзүлүү тарыхы, ага мүчө мамлекеттердин өз ара кызматташтыгы, саясий, экономикалык, маданий жана билим берүү тармактарындагы байланыштары тууралуу кеңири маалымат берилди.

   Ошондой эле студенттер теманын алкагында суроо-жоопторго, талкууларга катышып, өз ойлорун билдиришти. КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы достук мамилелердин, тынчтыктын жана өз ара түшүнүшүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

   Тарбиялык саат студенттердин тарыхый билимин кеңейтүүгө, мекенчилдик сезимин калыптандырууга, башка мамлекеттердин элине болгон сый-урматын арттырууга жана дүйнө таанымын өнүктүрүүгө багытталды.

Иш-чаранын соңунда студенттер алган маалыматтары менен бөлүшүп, мамлекеттер ортосундагы ынтымак жана кызматташтык — тынчтыктын жана өнүгүүнүн маанилүү шарты экендигин белгилешти.