1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

2

Бүгүн, 20.11.2026, педагогикалык колледжинде илим айынын алкагында Студенттердин инновациялык усулдук иштелмелеринин жана көрсөтмө куралдарынын көргөзмөсү уюштурулду

Көргөзмөнүн негизги максаты — студенттердин илимий-изилдөөчүлүк жөндөмдөрүн жана педагогикалык практика учурунда алган билимдерин бекемдөө, чыгармачылык дараметин өнүктүрүү, заманбап илимий-усулдук ыкмаларды өздөштүрүү жана келечектеги мугалимдик кесипке болгон даярдыгын арттыруу.

Көргөзмөдө студенттер тарабынан илимий изденүүлөрдүн негизинде даярдалган ар түрдүү усулдук иштелмелер, дидактикалык материалдар, көрсөтмө куралдар, интерактивдүү тапшырмалар, чыгармачылык иштер жана инновациялык окутуу ыкмалары сунушталды. Студенттер өздөрүнүн эмгектерин тааныштырып, алардын илимий-усулдук баалуулугун, окуу процессинде колдонуу жолдорун жана сабакты кызыктуу, натыйжалуу уюштуруудагы маанисин түшүндүрүп беришти.

Даярдалган көрсөтмө куралдар окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттырууга, алардын илимий ой жүгүртүүсүн, логикалык жөндөмдөрүн, өз алдынча иштөөсүн жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө багытталган.

Илим айынын алкагында өткөрүлгөн мындай көргөзмөлөр студенттердин илимий-теориялык билимдерин практикалык иш менен айкалыштырууга, өз ара тажрыйба алмашууга, жаңы илимий-усулдук идеяларды жаратууга жана педагогикалык чеберчилигин өркүндөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт.

Ордобекова Н., Бакеева Н., Равшан к. А., Торобекова М., Тургунбаева Д. тарабынан уюштурулуп өткөрүлдү.