1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

3

ИЛИМИЙ ЖУМАЛЫКТЫН АЛКАГЫНДА «КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ МАМЛЕКЕТТЕРДИН ШЕРИКТЕШТИГИ» АТАЛЫШЫНДАГЫ АЧЫК КУРАТОРДУК СААТ ӨТКӨРҮЛДҮ

Илимий жумалыктын алкагында Педагогикалык колледждин МЧББб-2-24 тайпасынын студенттери үчүн «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги (КМШ)» аттуу ачык куратордук саат өткөрүлдү.

  МЧББб-2-24 тайпанын куратору Галдыбаева Венера Адиловна уюштуруп, анын негизги максаты студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүү, эл аралык кызматташтык жана мамлекеттер аралык байланыштар тууралуу түшүнүктөрүн тереңдетүү, илимий изденүүгө болгон кызыгуусун арттыруу болду.

Куратордук сааттын жүрүшүндө студенттер Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин түзүлүү тарыхы, анын максаттары жана ага мүчө мамлекеттер тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле өлкөлөрдүн географиялык жайгашуусу, борбор шаарлары, мамлекеттик желектери, улуттук каада-салттары, маданияты жана өзүнө мүнөздүү өзгөчөлүктөрү менен таанышышты.

Иш-чаранын соңунда студенттер мамлекеттердин тарыхын, маданиятын жана улуттук баалуулуктарын таанып-билүү элдер ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана сый-урматты бекемдөөдө маанилүү экендигин белгилешти.