1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

88

"Менин элимдин музыкасы жана дүйнө элдеринин музыкасы темасында ачык саат өкөрүлдү

2026-жылдын 19-ноябрында Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Педагогикалык колледжинде БКМк 9-24 тайпасы үчүн «Менин элимдин музыкасы жана дүйнө элдеринин музыкасы» темасында ачык сабак өткөрүлдү.

Ачык сабактын жүрүшүндө студенттер кыргыз элинин улуттук музыкалык мурастары, салттуу музыкалык аспаптары жана дүйнө элдеринин музыкалык маданияты тууралуу билимдерин тереңдетишти. Сабак интерактивдүү усулдардын негизинде уюштурулуп, студенттер топторго бөлүнүп, чыгармачылык тапшырмаларды аткарышты.

Топтук талкуулар, постерлер менен иштөө, салыштыруу жана өз ойлорун презентациялоо аркылуу студенттердин сынчыл ой жүгүртүү, чыгармачылык, коммуникация жана кызматташуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө көңүл бурулду. Сабакта интерактивдүү экран, көрсөтмөлүү материалдар жана санариптик технологиялар колдонулду.

Студенттер өз алдынча изденүү, топ менен иштөө жана чыгармачылык мамиле жасоо аркылуу активдүүлүгүн көрсөтүштү. Ачык сабактын негизги максаты — улуттук музыкалык мурастарга болгон кызыгууну арттыруу, башка элдердин музыкалык маданиятын урматтоого тарбиялоо жана музыкалык-эстетикалык дүйнө таанымды кеңейтүү.

Мындай сабактар келечектеги мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө жана билим берүү процессинде заманбап окутуу ыкмаларын натыйжалуу колдонууга өбөлгө түзөт.

Ачык сабакты өткөргөн:

Капалбаева Тамара Эркиновна

музыка мугалими