1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

13

«Манас жаштар марафону-2026» өткөрүлдү

2026-жылдын 17-ноябрында Студенттердин эл аралык күнүнө жана жаштар күнүнө карата Манас шаарында «Манас жаштар марафону-2026» аталышындагы массалык чуркоо иш-чарасы  Манас мэрия  тарабынан өткөрүлдү. Спорттук иш-чарага 16 жаштан жогорку курактагы улан-кыздар катышты.

Марафондун старттык чекити «Азаттык» аянтынан берилип, катышуучулар белгиленген маршрут боюнча чуркап, Барпы атындагы облустук драма театрынын алдына финишке келишти.

Жарыштын жыйынтыгында Педагогикалык колледжинин ДТк-2-24 тайпасынын студенти Аширов Нурислам Калыбекович марафондун финишине ийгиликтүү жетип, медаль менен сыйланды. Нурислам  өзүнүн спортко болгон кызыгуусун тастыктай алды.