1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

6

Педагогикалык практика — кесиптик чеберчиликке карай маанилүү кадам.

2026-жылдын 19-ноябрында ЖАМУнун педагогикалык колледжинде «Башталгыч класстарда окутуу» адистигинин 3-курс БКМк-6-24 жана БКМк-9-24 тайпаларынын студенттери үчүн педагогикалык практиканын жыйынтыктоочу конференциясы өткөрүлдү.

Конференциянын максаты — студенттердин педагогикалык практика мезгилиндеги ишмердүүлүктөрүн жыйынтыктоо, кесиптик жетишкендиктерин талдоо, тажрыйба алмашуу жана келечектеги педагогикалык ишмердүүлүгүнө багыт берүү.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер слайд-презентациялар менен иштешип, практика учурундагы аткарган иштери, сабактары, үйрөнгөн, өздөштүргөн окутуунун усулдары жана жетишкен натыйжалары тууралуу маалымат беришип,  башталгыч класстын окуучулары менен иштөөдөгү тажрыйбалары, сабакты пландаштыруу, окуучулардын активдүүлүгүн арттыруу жана билимди баалоо боюнча өз ойлору менен бөлүшүштү.

Практика жетекчилери Исраилова Н, Абдуллаева Г., Ажыкулова А., Мамбетова М., Кайкиева Ү., Маткасымова А., Исманалиева Б. студенттердин практика мезгилиндеги ишмердүүлүктөрүнө кеңири токтолуп, алардын сабак өтүүдөгү даярдыгын, окутуунун заманбап технологияларын колдонуу жөндөмдөрүн, окуучулар менен педагогикалык мамиле түзүүсүн жана кесиптик жоопкерчилигин талдашты. Мындан тышкары, студенттердин жетишкендиктери белгиленип, практика учурунда кездешкен кыйынчылыктар жана аларды чечүүнүн жолдору боюнча сунуш-пикирлер айтылды.

Жыйынтыктоочу конференция студенттер үчүн өз ишмердүүлүгүнө талдоо жүргүзүүгө, кесиптик тажрыйбаларын өз ара бөлүшүүгө жана болочок мугалим катары өнүгүү багыттарын аныктоого мүмкүнчүлүк түздү. Иш-чаранын жыйынтыгында студенттерге келечектеги педагогикалык ишмердүүлүгүндө үзгүлтүксүз изденүү, чыгармачылык менен иштөө жана кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү боюнча сунуштар берилди.