1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

13

Педагогикалык колледжинде МЧББ программасы талкууланды

ЖАМУнун Педагогикалык колледжинин  МЧББ ПЦКсында  НББП программасы боюнча  талкуулоо жана өркүндөтүү максатында жолугушуу өткөрүлдү.

 Манас шаарынын ЖАМУ МЧББУнун директору В.С. Калыбекова, бүтүрүүчүлөрдөн Токтосунова Айсезим, Омурзакова Аксана жана ошондой эле Педагогикалык колледждин директору К.П. Салибаева жана  МЧББ ПЦКсынын окутуучулары Алмазбек кызы Ж, Галдыбаева В жана  студенттери катышты

Жолугушуунун жүрүшүндө МЧББ ПЦКсынын төрайымы Алмазбек кызы Жумагүл негизги билим берүү программасынын (НББП) мазмуну, максаты, милдеттери, күтүлүүчү натыйжалары жана келечектеги тарбиячыларды даярдоодогу мааниси тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле программа катышуучулардын талкуусуна коюлуп, анын мазмунун өркүндөтүү боюнча сунуш-пикирлер угулду.

Жолугушуунун катышуучулары мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын учурдагы талаптарын эске алуу менен окуу программасын өркүндөтүү, өндүрүштүк практиканын мазмунун жакшыртуу, студенттердин практикалык көндүмдөрүн бекемдөө жана бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча өз ойлорун  билдиришти.