1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

6

Чыңгыз Айтматовдун элеси жана чыгармалары — студенттердин кыл калеминде.

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун педагогикалык колледжинин Жалпы билим берүү ПЦКсында заманыбыздын залкар жазуучусу, гуманист жана философ Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 100 жылдык мааракесине карата "Айтматов ааламы — сүрөттөрдө" аттуу сүрөт конкурсу уюштурулду.

Конкурстун башкы максаты — жаштарды улуу жазуучунун терең философиялык мурастарына сугаруу, чыгармачылык жөндөмдөрүн арттыруу жана көркөм өнөр аркылуу улуттук баалуулуктарды даңазалоо болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер жазуучунун дүйнөгө таанымал «Жамийла», «Ак кеме», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Кылым карытар бир күн» өңдүү өлбөс-өчпөс чыгармаларындагы каармандардын образдарын, табият менен адамдын гармониясын жана терең гуманисттик идеяларды кагаз бетине түшүрүштү. Ар бир сүрөттө Айтматовдун чыгармаларындагы аруулук, мекенге болгон сүйүү жана адамгерчилик сапаттар өзгөчө боёктор менен чагылдырылган. Бул конкурс студенттердин жазуучунун чыгармаларына болгон кызыгуусун арттырып, алардын ички дүйнөсүн байытууга өбөлгө түздү.

Калыстар тобу тарабынан мыкты деп табылган эмгектер бааланып, төмөнкү тайпанын студенттери жеңүүчү деп табылды.

1-орун   БКМб-2-26  Мамасаитова Жасмина жана Согушбекова Вахиба.

2-орун   БКМк-4-26   Арапаева Бегайым

3-орун ДТк-2-26 Керимбекова Ферида .

Жеңүүчү студенттерибизге окууда чыгармачылык ийгиликтери каалайбыз!