1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

8

Педагогикалык колледжде педагогикалык кеңештин 2-отуруму болуп өттү

2026-жылдын 18-ноябрында Педагогикалык колледжде К. П. Салибаеванын төрагалыгы алдында педагогикалык кеңештин кезектеги 2-отуруму өткөрүлдү. Жыйында окуу-тарбия, илимий жана практикалык иштерге байланыштуу маанилүү маселелер каралды.

Күн тартибинде каралган негизги маселелер:

1. Ачык сабактар: Ар бир предметтик-циклдик комиссияда (ПЦК) бекитилген график боюнча ачык сабактардын өткөрүлүшү.

2. Практика иштери: Практика өтүүчү мекемелер менен кызматташууну бекемдөө, практиканы уюштуруу жана студенттерди базаларга жайгаштыруу.

3. 1-модулдун жыйынтыгы: Окуу иштери боюнча 1-модулдун жыйынтыктарын кароо жана электрондук журналдын жүргүзүлүшү.

4. Илим айы: Илим айынын алкагында аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат.

5. Тарбия иштери: Тарбия иштеринин жүрүшү жана студенттик жатаканадагы абал.

6. Сурамжылоо жыйынтыгы: 2-курстун студенттеринен алынган сурамжылоонун жыйынтыктары талкууланды.

7. Мамлекеттик аттестация (МА): ПЦКлар боюнча бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик аттестациясынын программасын, курамын жана негизги билим берүү программаларын (НББП/ООП) бекитүүгө сунуштоо.

8. Ар түрдүү маселелер.

Жыйындын жүрүшүндө 2-курстардан алынган сурамжылоонун жыйынтыгы кеңири маалымдалды. Педагогикалык кеңештин төрагасы К. П. Салибаева тарабынан сурамжылоодо аныкталган окутуучулардын сабак өтүүдөгү айрым кемчиликтерин тез арада жоюу жана окутуунун сапатын жогорулатуу ПЦК жетекчилерине, ошондой эле окутуучуларга милдеттендирилди. Отурумдун соңунда тиешелүү чечимдер кабыл алынды.