1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

8

ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРУУГА АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

2026-жылдын 19-ноябрь күнү Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Педагогикалык колледжинде БКМбк-01-25 жана БКМб-2-24 тайпаларынын студенттеринин педагогикалык практикасынын жыйынтыгын чыгарууга арналган конференция болуп өттү.

Конференциянын жүрүшүндө студенттер практика учурунда аткарган иштерин, жетишкендиктерин, алган тажрыйбаларын жана кесиптик көндүмдөрүн презентациялап, өз ой-пикирлери менен бөлүшүштү. Сабактарды уюштуруу, окуучулар менен иш алып баруу, тарбиялык иш-чараларды өткөрүү жана педагогикалык методдорду колдонуу боюнча тажрыйбалары талкууланды.

Иш-чараны практика жетекчилери Турдубаева Б.М., Салибаева К.П., Маккамбай кызы Райкан, Пахирдинова Л.А., Мамбетова М.К., Төрөбекова М.К. жана Досалиева М.М. өткөрүштү.

Практика жетекчилери студенттердин ишмердүүлүгүнө баа берип, жетишкендиктерин белгилөө менен бирге келечектеги педагогикалык ишине багыт берүүчү сунуштарын жана кеңештерин беришти.

Жыйынтыктоочу конференция студенттердин теориялык билимдерин практикалык тажрыйба менен айкалыштырууга, кесиптик компетенттүүлүктөрүн өнүктүрүүгө жана келечектеги мугалимдик кесипке болгон жоопкерчилигин арттырууга багытталган маанилүү иш-чара болду.

Педагогикалык практика — келечек мугалимдин кесиптик калыптануусунун, тажрыйба топтоосунун жана чыгармачылык изденүүсүнүн маанилүү баскычы.