1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

17

«Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктиги — кызматташтыктын жана достуктун көпүрөсү»

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктиги — кызматташтыктын жана достуктун көпүрөсү»

​Бүгүн биздин окуу жайда БКМк-04-25 тайпасында студенттердин катышуусунда «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктиги (КМШ)» деген темада куратордук саат жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Кураторы: Равшан кызы Айкөкүл.

​Иш-чаранын негизги максаты — жаштарга КМШ уюмунун түзүлүү тарыхы, максаттары жана мүчө мамлекеттер ортосундагы экономикалык, саясий жана маданий-гуманитардык байланыштар тууралуу толук маалымат берүү. Ошондой эле студенттерге эл аралык достукту кастарлоо, башка өлкөлөрдүн маданиятын урматтоо жана мекенчилдик сезимдерди тарбиялоо болду.

​Куратордук сааттын жүрүшүндө студенттер активдүүлүк көрсөтүшүп, Шериктикке кирген өлкөлөрдүн желектерин көтөрүп, алардын өзгөчөлүктөрү, тарыхы жана каада-салттары боюнча кызыктуу баяндамаларды жасашты. Бул интерактивдүү формат катышуучуларга дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана өз ара пикир алмашууга чоң шарт түздү.

​Мындай тарбиялык сааттар жаштардын келечектеги кесиптик өсүшүнө, жарандык позициясын бекемдөөгө жана ар тараптуу өнүгүүсүнө түрткү берет.