1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

13

2026-жылдын 18-ноябрында Маткасымова Адина Мадаминовна тарабынан БКМкэ-4-24 тайпасынын студенттери үчүн «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги (КМШ)» темасында ачык куратордук саат өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — студенттерге Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги жөнүндө кеңири маалымат берүү, анын түзүлүү тарыхы, максаттары жана милдеттери менен тааныштыруу, ошондой эле мамлекеттер аралык кызматташтыктын маанисин түшүндүрүү болду.

Сабак интерактивдүү методдордун, суроо-жооптордун, көрсөтмө материалдардын жана студенттердин активдүү катышуусунун негизинде уюштурулду. Студенттер өз ойлорун билдирип, алган маалыматтарын талкуулашты.

Иш-чаранын жыйынтыгында студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүү, мекенчилдик сезимин калыптандыруу, эл аралык кызматташтыкка болгон кызыгуусун арттыруу багытында маанилүү иштер жүргүзүлдү.