1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

72

«ШЕРИКТЕШТИК – ЫНТЫМАКТЫН ЖАНА ӨНҮГҮҮНҮН ЖОЛУ» АТАЛЫШЫНДАГЫ КУРАТОРДУК СААТ ӨТҮЛДҮ

2026-жылы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин (КМШ) түзүлгөндүгүнө 35 жыл толушуна карата 3-курстун БКМк-6-24 тайпасында Нускайым Исраилованын жетекчилиги менен «Шериктештик – ынтымактын жана өнүгүүнүн жолу» деген темада куратордук саат өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты – студенттерге КМШнын түзүлүү тарыхы, анын максаттары жана ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берүү, мамлекеттер ортосундагы достукту, кызматташтыкты, ынтымакты жана өз ара түшүнүшүүнү даңазалоо, жаштардын дүйнө таанымын кеңейтүү болду.

Куратордук сааттын жүрүшүндө студенттер темага байланыштуу маалыматтарды даярдап, КМШга мүчө мамлекеттер, алардын желектери жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө презентацияларды жасашты. Топтук иштер уюштурулуп, студенттер плакаттарга өз ойлорун, чыгармачылык идеяларын түшүрүп, биргелешип талкуу жүргүзүштү.

Интерактивдүү панелдин жардамы менен КМШ мамлекеттери тууралуу маалыматтар көрсөтүлүп, суроо-жооптор жана пикир алмашуулар өткөрүлдү. Студенттер өздөрүнүн изденүүчүлүгүн, чыгармачылыгын, топ менен иштөө жана өз оюн эркин билдирүү жөндөмдөрүн көрсөтө алышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө бир маанилүү ой баса белгиленди: мамлекеттердин өнүгүүсү, тынчтык жана туруктуулук өз ара сый-урматка, ынтымакка жана кызматташтыкка негизделет.

Мындай тарбиялык иш-чаралар студенттердин тарыхый билимин тереңдетүү менен бирге, аларды достукту, биримдикти, тынчтыкты жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды урматтоого тарбиялайт.