1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

59

БКМбк-01-25 тайпасында КМШ темасында ачык тарбиялык саат өткөрүлдү

2026-жылдын 18-ноябрь күнү педагогикалык колледждин БКМ БК-01-25 тайпасында «Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги (КМШ)» темасында ачык тарбиялык саат өткөрүлдү.

Тарбиялык сааттын негизги максаты — студенттерге КМШнын түзүлүү тарыхы, максаты жана мамлекеттер ортосундагы кызматташтыктын мааниси жөнүндө кеңири маалымат берүү, алардын мекенчилдик сезимин, тарыхый билимин жана жарандык жоопкерчилигин арттыруу болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө слайддар көрсөтүлүп, студенттер даярдаган презентациялар сунушталды. Теманын мазмунун тереңирээк ачып берүү максатында кызыктуу суроо-жооптор, топтук тапшырмалар жана талкуулар уюштурулду. Студенттер өз ойлорун эркин билдирип, алган билимдерин жана чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтө алышты.

Ачык тарбиялык саат кызыктуу, мазмундуу жана жогорку деңгээлде өтүп, студенттердин активдүүлүгү менен өзгөчөлөндү.

Мындай иш-чаралар жаш муундардын тарыхый аң-сезимин калыптандырууга, мекенге болгон сүйүүсүн арттырууга жана дүйнө таанымын кеңейтүүгө чоң салым кошот.

Куратор: Маккамбай кызы Райкан