1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

18

Бүткүл дүйнөлүк жаштар жана студенттер күнүнө карата БКМб 2-25 тайпасында куратор Досалиева Мунайым Молдалыевна тарабынан тарбиялык кураторлук саат өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаштардын коомдогу орду, билим алуунун мааниси, студенттик жашоонун өзгөчөлүктөрү жана келечек муундун өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу кеңири сөз болду.

Ошондой эле студенттердин билимге болгон умтулуусун арттыруу, мекенчилдикке, жоопкерчиликке, ынтымакка жана активдүүлүккө тарбиялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Студенттер өз ойлорун ортого салып, кызыктуу пикир алмашууларга катышышты.

Кураторлук саат жаштардын коомдогу жоопкерчилигин сезүүгө, алдыга максат коюуга жана келечекке ишенимдүү кадам таштоого үндөгөн пайдалуу иш-чара болду.

Жаштар — өлкөнүн келечеги, билимдүү студенттер — өнүккөн мамлекеттин негизи!