1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

19

«Улуттук нарк – жалпы биримдиктин башаты»

БКМк-4-25 тайпасында «Улуттук нарк – жалпы биримдиктин башаты» аттуу тарбиялык саат өткөрүлдү.

Тарбиялык сааттын негизги максаты – студенттерге улуттук баалуулуктардын маанисин түшүндүрүү, ата-бабалардан калган каада-салттарды, үрп-адаттарды, эне тилди, маданиятты жана тарыхый мурастарды урматтоого тарбиялоо, ошондой эле жаш муундардын мекенчилдик сезимин жана улуттук аң-сезимин калыптандыруу болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер кыргыз элинин улуттук наркы, каада-салты, улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо, ынтымак, биримдик жана сый-урмат сыяктуу асыл сапаттар жөнүндө ой бөлүшүштү.

Студенттер өз ойлорун ортого салып, улуттук наркты сактоо – бул элдин тарыхын, тилин, маданиятын жана руханий байлыгын сактоо экендигин белгилешти.

Тарбиялык сааттын соңунда улуттук нарк – элдин биримдигин бекемдеген, муундарды байланыштырган жана мамлекеттин келечегине жол ачкан баалуу мурас экендиги баса белгиленди.

Тарбиялык саатты өткөргөн: БКМк-4-25 тайпасынын куратору Касымова Айгүл.