1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

27

ИЛИМИЙ ЖУМАЛЫКТЫН АЛКАГЫНДА АЧЫК КУРАТОРДУК СААТ ӨТКӨРҮЛДҮ

Илимий жумалыктын алкагында МЧББк-2-24 тайпасынын студенттери үчүн «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги КМШ » аттуу ачык куратордук саат өткөрүлдү.

Ачык куратордук саатты тайпанын куратору Алмасбек кызы Жумагул уюштуруп, иш-чаранын жүрүшүндө студенттер Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөр тууралуу маалыматтарын кеңейтишти.

Студенттер өлкөлөрдүн географиялык жайгашуусу, борбор шаарлары, мамлекеттик желектери, улуттук каада-салттары, маданияты жана өзгөчөлүктөрү менен таанышышты. Ошондой эле топтук иштер аркылуу ватмандарга чыгармачылык менен сүрөттөрдү тартып, ар бир өлкөнүн өзгөчөлүгүн чагылдырып, өз иштерин презентациялашты.

Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүү, илимий изденүүгө кызыгуусун арттыруу, топ менен иштөө жөндөмүн өнүктүрүү жана башка элдердин маданиятына болгон сый-урматын калыптандыруу болду.

Ачык куратордук саат кызыктуу талкуулар, чыгармачылык тапшырмалар жана активдүү катышуу менен коштолду.