1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

25

«Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги»

БКМк-11-24 тайпасынын куратору Бакеева Наргиза Жээнмырзаевна студенттерге «Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ)» темасында тарбиялык ачык саат өткөрүлдү.

Ачык сааттын жүрүшүндө студенттер КМШнын түзүлүү тарыхы, максаттары, мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтык, саясий, экономикалык, маданий жана гуманитардык байланыштар тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле Кыргызстандын КМШ алкагындагы орду жана башка мамлекеттер менен достук, ынтымактуу мамилелерди өнүктүрүүнүн мааниси талкууланды.

Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүү, мекенчилдик сезимин

калыптандыруу, улуттар аралык достукту, толеранттуулукту, өз ара сый-урматты жана тынчтыкты баалоого тарбиялоо болду.

Тарбиялык ачык саат интерактивдүү форматта өтүп, студенттер өз ойлорун билдирип, суроолорго жооп беришти жана теманын маанилүүлүгү боюнча пикир алышышты.

Мындай иш-чаралар жаштарды билимдүү, аң-сезимдүү, мекенин сүйгөн, башка элдердин маданиятын жана баалуулуктарын сыйлаган инсан болуп калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Ынтымак, достук жана өз ара кызматташтык — тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизги булагы!