1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

18

«Студенттик күндөр — кыялдан кесипке карай кадам»

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Педагогикалык колледжинде БКМк-11-25 тайпасынын куратору Тобокелова Саламат Эл аралык студенттер күнүнө карата «Студенттик күндөр — кыялдан кесипке карай кадам» аттуу тарбиялык саат өткөрдү.

Иш-чарада тайпанын старостасы Абдирахимова Раяна Студенттер күнүнүн тарыхы жана мааниси тууралуу маалымат берди. Катышуучулар студенттик мезгилди натыйжалуу пайдалануу, билимге умтулуу жана келечектеги мугалимдик кесипке даярдануу жөнүндө пикир алышты.

Студенттер «Студенттин бир күнү» тапшырмасында убакытты туура бөлүштүрүү боюнча күн тартибин түзүштү. «Келечектеги мугалим» топтук ишинде башталгыч класстын мугалимине зарыл сапаттарды постер аркылуу чагылдырышты. Ошондой эле педагогикалык кырдаалдарды талкуулап, окуучуну колдоонун жолдорун сунушташты. «Максатка үч кадам» тапшырмасында жеке максаттарын жана аларга жетүү үчүн жасала турган аракеттерин белгилешти.

Тарбиялык саатка Рысбаева Анара жана Икрамидинова Одинахон активдүү катышып, чыгармачыл тапшырмаларды аткарууда жана талкууларда демилге көрсөтүштү.

Иш-чара студенттердин ынтымагын бекемдөөгө, чыгармачыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана мугалимдик кесипке жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандырууга багытталды.