1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

23

Илим айынын алкагында Педагогикалык колледждин студенттери үчүн ЖАМУнун Б. Осмонов атындагы Стартап-борборуна (бизнес-инкубаторго) экскурсия уюштурулду

Илим айынын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын уландысы катары Педагогикалык колледждин студенттери үчүн ЖАМУнун Б. Осмонов атындагы Стартап-борборуна тааныштыруу экскурсиясы уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер окуу жайда жаштардын чыгармачылык жана ишкердик демилгелерин өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып, борбордун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат алышты.

Стартап-борбордун жетекчиси — Алымкулов Бекжан.

Борбордун ишмердүүлүгү жөнүндө: Стартап-борбор студенттердин жаңы идеяларын колдоого алып, аларды иш жүзүнө ашырууга мүмкүнчүлүк түзгөн инновациялык аянтча болуп саналат. Борбор негизинен мода, дизайн жана тигүү өндүрүшү багыттарына басым жасайт. Бул жерде жаштар өз долбоорлорун өнүктүрүп, тажрыйбалуу адистерден кеңеш алып, заманбап жабдууларды пайдалануу менен өз продукцияларын даярдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошондой эле даярдалган буюмдарды рынокко чыгаруу боюнча да колдоо көрсөтүлөт.

Экскурсия студенттерге окуу жайдын ишкердикти өнүктүрүү багытындагы мүмкүнчүлүктөрүн жакындан таанып-билүүгө, жаңы идеяларга шыктанууга жана алган билимдерин келечекте практикалык жактан колдонуу жолдорун түшүнүүгө өбөлгө түздү.

Мындай иш-чаралар студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүүгө, чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана келечекте өз алдынча долбоорлорду ишке ашырууга болгон кызыгуусун арттырууга багытталган.

Иш-чаранын уюштуруучулары: Калчакеева А., Султанова Г.