1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

17

Тайпа лидерлеринин катышуусунда кезезектеги жыйналыш болуп өттү.

2026-жылдын 17-ноябрь күнү окуу жайда тайпа лидерлеринин катышуусунда жыйналыш өткөрүлдү. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттик жашоого тиешелүү бир катар маанилүү маселелер каралып, тиешелүү тапшырмалар берилди.

Жыйналыштын негизги багыттары:

  • Студенттер күнү жана алдыдагы милдеттер:

Жыйналыштын башында катышуучулар келе жаткан Студенттер күнү менен куттукталып, майрамдык иш-чаранын негизги милдеттери, максаттары жана студенттердин ага даярдык көрүүдөгү ролу тааныштырылды.

  • Туура тамактануу маданияты:

Студенттердин ден соолугун чыңдоо, окуу процессинде энергияны сактоо жана сергек жашоо образын жайылтуу максатында туура тамактануу эрежелерин сактоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

  • Сабакка активдүү катышуу жана дисциплина:

Окуу сапатын жогорулатуу багытында сабактарга активдүү катышуу, жоопкерчиликтүү болуу жана кечигүү көрүнүштөрүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Тартипти жана ички тартип эрежелерин катуу сактоо зарылчылыгы эскертилди.

Жыйналыш соңунда лидерлерге суроолорду берип, өз сунуштарын билдирүүгө мүмкүнчүлүк берилди..