1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

21

«Жетекчи менен 1 саат» иш-чарасы өткөрүлдү»

Педагогикалык колледжинде 2026-жылдын 16-ноябрында колледждин  директору К.П.Салибаева  студенттер  менен «Жетекчи менен 1 саат» аттуу жолугушуу уюштурду. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге «Эки шакирт жана алтын кум» аттуу тарбиялык мааниси терең икая окулуп берилди.

Икаянын негизинде студенттер арасында кызыктуу талкуу уюштурулуп, «Сен кайсы шакирттин жолун тандайт элең?» деген суроонун алкагында ой бөлүшүү болду. Катышуучулар билим алууга болгон мамилеси, убакытты туура пайдалануу жана аракетчилдиктин мааниси тууралуу пикирлерин билдиришти.

Ошондой эле студенттерди 17-ноябрь  Студенттер күнү менен куттуктап, аларга окууда ийгиликтер, бийик максаттар жана жаркын келечек каалоолору айтылды.

Жолугушууда студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун ачык берип, окууга катышуу, жетишүү жана тартип маселелери боюнча жетекчилик тарабынан кеңири жоопторду алышты.

Иш-чаранын негизги максаты — студенттерди билим алууга шыктандыруу, убакыттын баркын билүүгө, жоопкерчиликке жана тартиптүүлүккө үндөө болду.