1. Башкы бет
  2. Бала бакчалар
  3. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү мекемеси
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

37

23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү

23-сентябрь — элибиздин улуттук баалуулуктарын, маданий мурасын жана эне тилибизди даңазалаган өзгөчө күн.

Кыргыз тили — элибиздин тарыхын, маданиятын, каада-салтын жана руханий дүйнөсүн муундан муунга жеткирген баа жеткис мурас. Мамлекеттик тилди урматтоо жана аны өнүктүрүүгө салым кошуу — ар бирибиздин милдетибиз.

Ушул күнгө карата Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү уюмунда балдарга кыргыз тилинин маанисин түшүндүрүүгө багытталган тарбиялык иш-чаралар өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө балдар эне тил жөнүндө ырларды айтып, макал-лакаптарды эскерип, кыргыз тилине болгон сүйүүсүн жана кызыгуусун билдиришти.

Өсүп келе жаткан муунга эне тилибизди сүйүүгө, урматтоого жана таза сүйлөөгө үйрөтүү — биздин негизги милдеттерибиздин бири.

Мамлекеттик тилибиз — улутубуздун сыймыгы!

Эне тилибиз — элдин түбөлүктүү мурасы!

23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү кут болсун!