- Бала бакчалар
- Б.Осмонов атындагы Жалал-Абат мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү уюму
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абат мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү уюму

Телефон:
709 540 155Email:
venerakalybekova7@gmail.comТуулган күн:
October 05, 1971
Каттоо:
05.09.2024
Акыркы сапар:
6 месяцев назад
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарыхы
100 жылдык тарыхы бар Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети көп деңгээлдүү билим берүү системасына ээ. 2023-жылдын 13-декабрында ЖАМУнун ректору К.Ж. Усеновдун демилгеси менен окуу жайдын Окумуштуулар кеңешинин №4 жыйынынын протоколунун негизинде мектепке чейинки билим берүү уюмун ачуу маселеси каралып, Көзөмөлчүлүк кеңешини тарабынан жактырылып МЧББУнун алгачкы штаттык жадыбалы бекитилген. МЧББУнун директору болуп, педагогика багыты боюнча магистр даражасынын ээси, мектепке чейинки билим берүү тармагында чоң тажрыйбасы бар окутуучу Калыбекова Венера Садыковна дайындалды.
МЧББУнун официалдуу ачылышы 2024-жылдын 2-сентябрында болду. 120 балага ылайыкталган мектепке чейинки билим берүү уюму жакшы шарттар менен кызматкерлерди жана балдарды кабыл ала баштады. Биринчилерден болуп өз ишин билген адис, билим берүүнүн отличниги Райымкулова Канышай 31 жылдык эмгек стажы жана Саипова Чынара 17 жылдык эмгек стажы менен ишке кабыл алынды.
Бакчанын жайлуу, жарык жана кенен класстарында 36 бала эки топто окушат. Балдарга кыргыз жана англис тилдеринен сабактар уюштурулуп, логопедия боюнча консультациялар өткөрүлөт. Балдар хореография сабактарында кызыгуу менен алектенишет. Балдардын жана кызматкерлердин жемиштүү иштеши жана эс алуусу үчүн дээрлик бардык шарттар түзүлгөн. Бакча заманбап талаптарга жооп берет, оюн аянтчасы катары өзүнчө орун бөлүнгөн жана жарыктандырылган. Учурда бакчада төрт топто 90го жакын бала бар.