1. Башкы бет
  2. Бала бакчалар
  3. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү мекемеси
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

122

Билим күнү – балдар үчүн жаңы ачылыштардын жана кызыктуу билимдердин башаты!

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү уюмунда Билим күнүнө карата, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына, кыргыз элинин улуу руханий мурасы болгон «Манас» эпосуна арналган тарбиялык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгулоо жолу аркылуу уюштурулуп, балдардын улуттук баалуулуктарга болгон кызыгуусун арттырууга, мекенчилдикке тарбиялоого жана элибиздин маданий мурастарын таанытууга багытталды.

Иш-чаранын жүрүшүндө балдарга «Манас» эпосу жана Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу жаш өзгөчөлүгүнө ылайык түшүнүктүү маалыматтар берилип, ырлар айтылып, ыр-бийлер тартууланды. Балдар улуттук каада-салттар, баалуулуктар менен таанышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Мындай иш-чаралар жаш муундун улуттук аң-сезимин калыптандырууга, мекенди сүйүүгө, эне тилди жана маданий мурастарды урматтоого өбөлгө түзөт.