1. Башкы бет
  2. Бала бакчалар
  3. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү мекемеси
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

53

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү уюмунда "Биргелешкен ийгиликке 10 кадам" аталышындагы ата-энелер декадасы өткөрүлдү.

Декаданын негизги максаты — ата-энелер менен бала бакчанын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташтыкты бекемдөө, балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө биргеликте шарт түзүү. Декаданын жүрүшүндө ата-энелердин бала бакчанын жашоосуна активдүү катышуусуна, педагогдор менен тажрыйба алмашуусуна жана балдар үчүн жагымдуу өнүгүү чөйрөсүн түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Ата-эне + бала бакча = бир команда! Анткени баланын ийгилиги — ата-эне, педагог жана бала биргеликте аракеттенгенде жаралган жалпы жетишкендик.