1. Башкы бет
  2. Бала бакчалар
  3. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү мекемеси
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

51

"Дарбыз күнү" – жайкы көңүлдүү майрам!

    Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун МЧББУсунда «Арбуз күнү» аттуу жайкы көңүл ачуу программасы өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө тарбиялануучулар ар кандай кызыктуу оюндарга, эстафеталарга жана музыкалык оюн-зоокторго активдүү катышышты. Ошондой эле арбуз тууралуу кызыктуу маалыматтар менен таанышып, жай мезгилиндеги пайдалуу мөмө-жемиштер жөнүндө билимдерин кеңейтишти.

Майрам шаңдуу маанайда өтүп, күлкүгө, жагымдуу эмоцияларга жана унутулгус көз ирмемдерге бай болду. Мындай иш-чаралар сергек жашоо образын жайылтууга, биргелешип аракеттенүүгө жана көңүлдүү эс алууга өбөлгө түзөт.