1. Башкы бет
  2. Бала бакчалар
  3. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү мекемеси
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

17

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Мектепке чейинки билим берүү уюмунун 2025–2026-окуу жылы боюнча жылдык отчету

2025–2026-окуу жылында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү уюму жылдык иш планынын негизинде окуу-тарбия, усулдук, уюштуруучулук жана административдик иштерди ийгиликтүү жүргүздү.

Окуу жылынын жүрүшүндө тарбиялануучулардын интеллектуалдык, чыгармачылык, социалдык, руханий жана дене өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурулуп, мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына ылайык сапаттуу билим берүү жана тарбиялоо иштери жүргүзүлдү. Балдарды мектепке даярдоо, инновациялык усулдарды колдонуу, өнүктүрүүчү билим берүү чөйрөсүн түзүү жана педагогдордун кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча бир катар натыйжалуу иштер аткарылды.

Ата-энелер менен тыгыз кызматташуу жолго коюлуп, ачык эшик күндөрү, семинарлар, консультациялар жана биргелешкен маданий-тарбиялык иш-чаралар өткөрүлдү. Ошондой эле балдардын ден соолугун чыңдоо, коопсуздугун камсыз кылуу, санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо, сапаттуу тамак-аш менен камсыз кылуу жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо боюнча иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлдү.

Жылдык отчет Педагогикалык кеңештин жыйынында кеңири талкууланып, жүргүзүлгөн иштерге оң баа берилди. Кеңештин чечими менен Мектепке чейинки билим берүү уюмунун 2025–2026-окуу жылындагы ишмердүүлүгү «жакшы» деп бааланып, жылдык отчет канааттандырарлык деп табылды. Ошондой эле 2026–2027-окуу жылына карата билим берүүнүн сапатын мындан ары жогорулатуу, инновациялык технологияларды кеңири колдонуу жана балдардын ар тараптуу өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча жаңы милдеттер белгиленди.

Жылдык отчетту даярдаган:В.С. Калыбекова – Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору.