1. Башкы бет
  2. Бала бакчалар
  3. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү мекемеси
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

17

1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү

2026-жылдын 1-июнунда Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Мектепке чейинки билим берүү уюмунда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты – балдардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү, алардын көңүлүн көтөрүү жана майрамдык маанай тартуулоо болду. Майрамдын жүрүшүндө балдар ыр ырдап, бий бийлеп, көркөм өнөрлөрүн көрсөтүштү. Ошондой эле кызыктуу оюндар, сынактар уюштурулуп, активдүү катышкан балдарга белектер тапшырылды.

Майрамдык иш-чара балдардын жүзүнө кубаныч тартуулап, ата-энелер жана тарбиячылар үчүн да жагымдуу маанай жаратты. Уюштуруучулар балдарды майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, бактылуу балалык жана кең келечек каалашты.