1. Башкы бет
  2. Бала бакчалар
  3. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү мекемеси
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

10

"Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнү" белгиленди

«Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин мектепке чейинки билим берүү уюмунда Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнү белгиленди.

Иш-чаранын алкагында жогорку жана ортоңку тайпалардын тарбиялануучуларынын ортосунда денени чыңдоочу кыймылдуу оюндар уюштурулуп, балдардын активдүүлүгүн арттырууга өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле бакчанын медайымы Дайрбек кызы Айнура балдарга ден соолукту чыңдоонун мааниси, туура тамактануу жана гигиенаны сактоо тууралуу жеткиликтүү жана кызыктуу түшүндүрмө берди.

Иш-чара шаңдуу, кызыктуу маанайда өтүп, балдар чоң кубанычка бөлөнүштү. Мындай иш-чаралар балдардын ден соолугун чыңдоого, сергек жашоо образын калыптандырууга өбөлгө түзөт.