1. Башкы бет
  2. Бала бакчалар
  3. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү мекемеси
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

28

 Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү уюмунун кадырлуу коногу.

ЖАМУнун билим берүү уюмуна Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары, ВАКтын төрагасы Борубашев Бекбосун Ишенбекович иш сапары менен келип, уюмдун ишмердүүлүгү менен жакындан таанышты. Конокту университеттин өкүлдөрү жана бала бакчанын жамааты жылуу кабыл алышты.

Иш сапардын жүрүшүндө Борубашев Бекбосун Ишенбекович мектепке чейинки билим берүү уюмунун материалдык-техникалык базасын, тарбиялык-окутуу процессин көрүп чыгып, педагогдор менен пикир алышты. Ошондой эле балдардын өнүгүүсүнө түзүлгөн шарттар, билим берүү сапатын жогорулатуу багытындагы иштер тууралуу маалымат алды.

Жолугушуунун алкагында конок өзүнүн сунуш-пикирлерин билдирип, мектепке чейинки билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарына токтолду.

Иш сапар жамаат үчүн мазмундуу жана пайдалуу жолугушуу болуп калды.