1. Башкы бет
  2. Бала бакчалар
  3. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү мекемеси
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

14

Биздин балдардын жетишкендиктери

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү уюмунда «Биздин балдардын жетишкендиктери» аттуу ачык эшик күнү өткөрүлдү. Иш-чарага 1-кенже тайпанын, 2-кенже тайпанын, ортоңку тайпанын жана жогорку тайпанын тарбиялануучуларынын ата-энелери активдүү катышышты.

Ачык эшик күнүнүн алкагында балдардын күнүмдүк сабактардагы ишмердүүлүгү көрсөтүлдү. Балдар сүрөт тартуу, кол өнөрчүлүк, логикалык ой жүгүртүү, тил өнүктүрүү, музыка жана кыймыл-аракет боюнча өздөрүнүн жөндөмдөрүн тартуулашты. Ошондой эле тарбиячылар тарабынан уюштурулган кызыктуу сабактар жана оюндар ата-энелерге сунушталды.

Иш-чаранын жүрүшүндө балдардын чыгармачылык иштери, сүрөттөрү, кол эмгектери көргөзмөгө коюлуп, алардын жетишкендиктери ар тараптан чагылдырылды. Ата-энелер балдарынын өнүгүүсүн жакындан көрүп, тарбиячылардын эмгегине жогору баа беришти.

Мындай иш-чаралар ата-эне менен бала бакчанын ортосундагы кызматташтыкты бекемдеп, балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.