1. Башкы бет
  2. Бала бакчалар
  3. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү мекемеси
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

13

"Ден соолук-байлык" аттуу дене тарбиялык иш-чара өткөрүлдү

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү уюмунда «Ден соолук – байлык» темасында дене тарбиялык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – тарбиялануучулардын ден соолугун чыңдоо, алардын кыймыл-аракет активдүүлүгүн жогорулатуу жана сергек жашоо образын калыптандыруу болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө балдар эртең мененки гимнастика жасап, кыймылдуу оюндарга жана спорттук эстафеталарга активдүү катышышты. Тарбиялануучулар шамдагайлык, ылдамдык жана чыдамкайлык боюнча өз жөндөмдөрүн көрсөтө алышты.

Иш-чара кызыктуу жана уюшкандыкта өтүп, балдар жакшы маанай алып, активдүү катышышты.