1. Башкы бет
  2. Бала бакчалар
  3. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү мекемеси
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

13

"Нооруз майрамы" темасында ачык сабак өткөрүлдү

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү уюмунда көркөм өнөр сабагынан «Нооруз майрамы» темасында ачык сабак өткөрүлдү. Аталган сабакты 2-кенже тайпанын мугалими Ибрагимова Нагима өткөрдү.

Сабактын негизги максаты – тарбиялануучуларды улуттук каада-салттар, үрп-адаттар менен тааныштыруу, Нооруз майрамынын маанисин түшүндүрүү, ошондой эле балдардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү болду. Сабак алдын ала түзүлгөн планга ылайык уюштурулуп өткөрүлдү.

Сабактын жүрүшүндө балдар көркөм иш-аракеттерге активдүү катышышты. Алар сүрөт тартып, боёп, кол өнөрчүлүк иштерин аткарышып, өздөрүнүн чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтө алышты. Тарбиялануучулар берилген тапшырмаларды кызыгуу менен аткарып, активдүүлүгүн көрсөтүштү.

Ачык сабак мазмундуу жана кызыктуу өтүп, коюлган максаттар ишке ашырылды.