1. Башкы бет
  2. Бала бакчалар
  3. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү мекемеси
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

30

«Нооруз – көктөм майрамы»

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү уюмунда «Нооруз» майрамына карата маданий-тарбиялык иш-чара өткөрүлдү.

Аталган иш-чаранын негизги максаты – тарбиялануучуларга улуттук каада-салттарды даңазалоо, Нооруз майрамынын тарыхый маанисин түшүндүрүү жана мекенчилдикке тарбиялоо болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө тарбиялануучулар тарабынан даярдалган ыр-бийлер, көркөм окуулар жана сахналаштырылган көрүнүштөр тартууланды. Майрамга ата-энелер жана коноктор катышып, балдардын өнөрлөрүнө күбө болушту.

Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучуларга жакшы маанай тартуулады.