1. Башкы бет
  2. Бала бакчалар
  3. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү мекемеси
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

36

8-март-Аялдардын эл аралык күнү

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү уюмунун өндүрүштүк комплексине караштуу мектепке чейинки билим берүү уюмунда 8-Март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө тарбиялануучулар апаларга, эжелерге жана тарбиячыларга арналган ырларды ырдап, бийлерди аткарып, көркөм номерлерди тартуулашты. Балдар тарабынан даярдалган майрамдык программа катышуучуларга жакшы маанай тартуулап, аялзатына болгон урмат-сыйды даңазалады.

Майрамдык иш-чаранын соңунда тарбиялануучулар апаларына жана тарбиячыларына куттуктоо сөздөрүн айтып, өз колдору менен жасаган белектерин тартуулашты.