1. Башкы бет
  2. Бала бакчалар
  3. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү мекемеси
  4. Жаңылыктар

3 дня назад

7

23-февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнү!

23-февраль – мекенибизди коргоп, элибиздин тынчтыгы жана коопсуздугу үчүн кызмат өтөгөн жана өтөп жаткан жоокерлерге, офицерлерге жана бардык коргоочуларга арналган өзгөчө күн.

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун МЧББУсу бул майрамга карата Ата Мекенди коргоочуларды терең урматтоо менен куттуктайт. Сиздердин кайраттуулугуңуздар, жоопкерчилигиңиздер жана мекенчилдигиңиздер – жаш муун үчүн чоң үлгү. Өлкөбүздүн тынчтыгы, элдин коопсуздугу – сиздердин эмгегиңиздердин натыйжасы.

Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана мекенибиздин өнүгүүсүнө кошкон салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!

Майрамыңыздар кут болсун!