1. Башкы бет
  2. Бала бакчалар
  3. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү мекемеси
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

73

Берекелүү күз майрамы бала бакчада

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде мектепке чейинки билим берүү уюму тарабынан күз майрамы белгиленди. Бул иш-чаранын негизги максаты күздүн  өзгөчөлүгүн, кооздугун жана берекесин  чагылдырган столдорду даярдап, жаш өспүрүм балдарга тааныштырды. Саамалыкта балдар күз мезгилинде бышкан жемиштерден түрдүү буюмдарды жасап катышты. . 

Мындай иш-чаралар балдардын  чыгармачылыгын өнүктүрүү, табиятка болгон сүйүүсүн арттыруу жана достук мамилени чыңдайт. Кол өнөрчүлүк менен алектенгенде бала өлчөйт, салыштырат, боёкторду, формаларды тандайт — бул логикалык жана абстракттуу ой жүгүртүүнү өнүктүрөт. Колдун майда моторикасы жакшырат. Кесүү, чаптоо, тигүү, ийне-жип менен иштөө сыяктуу иштер колдун булчуңдарын жана манжа кыймылдарын тактайт, бул кийин жазууга жана күнүмдүк иштерге жардам берет.Чыгармачылык жана элестетүү кеңейет өз колу менен бир нерсе жаратуу — балага өз идеясын ишке ашыруунун кубанычын берет. Бул креативдүүлүктү жана өзүнө ишеничти күчөтөт.

Эскерте кетсек аталган балдар бакчасында балдардын өнүгүүсү үчүн түрдүү иш-чараларды байма-бай өткөрүп келет. Ал эми бакчага 5 жаштан баштап кабыл алынат. Башка мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан өзгөчөлүгү балдарга кытай жана англис  тилин үйрөтөт.       Андан сырткары 4 маал ысык тамак берилет, видео байкоолор коюлган.