- Бала бакчалар
- Б.Осмонов атындагы Жалал-Абат мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү уюму
- Жаңылыктар
ЖАМУнун мектепке чейинки билим берүү уюмунда Билим берүү жана илим министри Д.Ш. Кендирбаева конокто
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева ЖАМУнун мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиялануучулары менен жолугушту. Министрди ЖАМУнун ректору т.и.д. профессор К.Ж. Усенов тосуп алып, жаңыдан ишке кирген бала бакчанын иши менен тааныштырды.
ЖАМУнун мектепке чейинки билим берүү уюмунун башчысы В.С. Калыбекова бала бакчадагы өзгөчөлөнгөн педагогикалык, монтессори усулдары жана жогорку квалификацияга ээ тарбиячылар, логопед, психологтор эмгектенип жатканы жөнүндө маалымат билдирди. Ошондой эле жолугушуу учурунда балдардын катышуусундагы концерттик иш-чарага күбө болду.
Ал эми бала бакчага ЖАМУнун ректору К.Ж. Усеновдун демилгеси менен Жалал-Абад колледжинин конструктор модельерлери тарабынан улуттук кийимдери белек катары тапшырылды. Улуттук кийимдерди колледждин директору Б.М.Турдубаева тапшырып, балдардын келечеги кең, кыргыз элине кызма кылган уул-кыздардын чыгышын айып, жамааттын ишине ийгиликтерди каалады.