1. Башкы бет
  2. Бала бакчалар
  3. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү мекемеси
  4. Жаңылыктар

9 месяцев назад

326

ЖАМУНУН БАЛА БАКЧАСЫ АЧЫЛДЫ

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде мектепке чейинки билим берүү уюму ачылды.

     Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, техника илимдеринин  доктору, профессор Усенов Кенешбек Жумабековичтин демилгеси менен университетте мектепке чейинке билим берүү уюму ачылып, ишке киргизилди.

     Балдар биздин келечегибиз булардын билимдүү жана тарбиялуу болуп калыптанышына ар бирибиз салым кошо алабыз. Бул уюмда тарбияланган балдар Кыргызстан үчүн мекендин гүлдөп өсүшү үчүн кызмат кылат деген ишеничтемин. Ар бир наристебиздин келечеги кең, жолу шыдыр болуп, бакубат турмушта ата-энеси менен биргеликте бактылуу өмүр сүрүшүн каалайм – деген тилеген К.Ж.Усенов ачылуу аземинде билдирди.

      Бала бакча 140 наристени кабыл алууга ылайыкташтырылган. Учурда 60тан ашуун бала тарбияланууда.

       Уюмдун башчысы Венера Калыбекованын айтымында наристелер 1,5 жаштан баштап кабыл алынат. Биздин башка мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан өзгөчөлүгүбүз балдарга кытай жана англис  тилин үйрөтөбүз. Учурда көпчүлүк жаш балдар  логопед, психологдун кызматына муктаж. Андыктан бизде логопед жана психологдор балдар менен тыгыз иштешишет.                                  Андан сырткары 4 маал ысык тамак берилет, видео байкоолор коюлган. Ар бир ата-эне балдарын көрүп турууга шарттар түзүлгөн – деди ал.

 Биздин дарек: тилке (переулок)  Вокзальная 12

 Иштөө убактысы: 7:30дан17:30га чейин

 Байланыш номери:0709540155