Шекспирдин тили – дүйнөлүк тил

Кечээ, 2024- жылдын 22-апрель күнү филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын жамааты жана English Dram Club ийрими тарабынан улуу англис жазуучусу В.Шекспирдин 460 жылдык юбилейинин урматына “Shakspeare’s language – the world’s language” деген темада Шекспир жумалыгынын ачылышы уюштурулду. ЧТк-3-20 тайпасынын студенттери куратору А.О.Калмуратованын жетекчилиги астында “Shakespeare’s life” аттуу кызыктуу, жемиштүү жана маалыматтарга бай иш-чара уюштурушту.
Бүгүн, 23-апрель жумалыктын экинчи күнүндө куратор А. Б. Мамбеталиева ЧТ-1-20 тайпасынын студенттери менен “Shakespeare’s theatre and plays” аттуу креативдүү оюндар жана Шекспирдин театры жана пьесалары жөнүндө кызыктуу суроо-жооптор менен коштолгон кече өткөрүштү. Кафедранын студенттери активдүү катышуу менен Шекспир жөүндө пайдалуу маалыматтардыалып, кызыктыруучу белектерге ээ болушту.