1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

10 месяцев назад

91

 МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ

2024-жылдын 1-март күнү филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын доценти  филол. и. к. Г.А. Орозбаева Чтк-2-22 тайпасында 3-март Мамлекеттик Туу күнүнө карата куратордук саат өткөрдү.

Куратордук саатта баяндама окулду, суроо жооптор менен коштолгон викторина сабак болду. Сабак учурунда Туунун элементтери, качан ким тарабынан түзүлгөн, Туубуз эмне үчүн кызыл түстө деген суроолор талкууланды. Тайпа куратору Кыргыз элинде Мамлекеттин символу байыртадан бар экенин анын терең маанисин жана желектин бир түстүү кызылдыгы эрдик,тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана биримдикти чагылдыраарын, ал эми түндүк -үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин студенттерге жеткиликтүү түшүндүрүп, куратордук сабак жыйынтыкталды.