1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филологиялык институт
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

36

Карылар — үйдүн куту

2025-жылдын 1-октябрында Карылар күнүнө карата ЧТк-2-25 тайпасында «Карылар — үйдүн куту» деген темада куратордук саат өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты — улуу муунга болгон урмат-сыйды арттыруу, салт-санааны улантуу жана жаш муундардын үй-бүлөлүк баалуулуктарга болгон мамилесин калыптандыруу болду.

Куратордук саатта студенттер тарабынан ыр, макал-лакаптар айтылып, сахналаштырылган көрүнүштөр жана атайын даярдалган чакан концерттик программа көрсөтүлдү.

Бул иш-чара жаштарды ыймандуулукка, улууларга урмат көрсөтүүгө жана адамдык касиеттерди баалоого үндөп, тарбиялык мааниси чоң болгон сааттардын бири болду.