Магистранттардын илимий-педагогикалык практика алдындагы конференциясы

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын ФББ (АТ)-маг-1-24 тайпасынын магистранттарынын илимий-педагогикалык практика алдындагы конференция болуп өттү.
Иш-чарага ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн башчысы
Н.С. Жолдошалиева, филология институтунун директору, ф.и.к.
Ч.А. Асылбекова, англис тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Ы.К. Жолдошбаев катышып, магистранттарга практика учурундагы негизги милдеттер жана талаптар тууралуу маалымат беришти.
Конференцияда илимий-педагогикалык практиканын жүрүшүндө керектелүүчү документтер, жол картасы жана уюштуруу маселелери талкууланып, магистранттар өздөрүнүн суроолоруна жооп алышты.
Бул иш-чара магистранттардын педагогикалык тажрыйбасын арттырууда жана илимий ишмердүүлүгүнө даярдык көрүүдө маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.