“Улут уңгусу - эне тил”

2025-жылдын 23-сентябрь күнү Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жаштар комитети тарабынан “Мамлекеттик тил жана жаштар” аталышындагы форум болуп өттү. Форумга филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТ-1-25 тайпасы активдүү катышып, байгелүү орунга ээ болуп кайтышты. Форумдун алкагында университетибиздин фил.и.доктору, профессор А.М.Эшиев, Жалал-Абад мэриясы тарабынан жаштар иштери боюнча кеңешинин төрагасы Б.А.Арстанбеков жана жаштар комитети катышып, көптөгөн маалыматтарга бай болгон докладдары менен студенттерди тааныштырды. Дебаттын жүрүшүндө студенттерди кызыктыруучу суроолорду беришип, жеткиликтүү жоопторун ала алышты. Жалал-Абад мэричсы тарабынан уюштурулган суроо-жооп викторинасына активдүү катышып, ЧТ-1-25 тайпасынын студенти Токоева Шаббона 1000 сом акчалай сыйлыкка ээ болду.